Пример HTML-страницы

Ак-Суунун 51 жаштагы тургуну видео кайрылуу жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганын айтты.

Turmush басылмасына маалым болгондой, 2023-жылдын 27-июль күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.И.Ө. кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 26-июлунда саат 23:00 чамасында Ак-Суу районунун Жылдыз айылы менен Чолпон айлынын ортосунан 1977-жылы туулган Б.Р.Б. «Мазда Трибьют» үлгүсүндөгү унаасынын ичине салып барып, сабап зордуктап туруп, ошол жактагы чуңкурга ыргытып кеткенин билдирген.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук китебине каттоого алынып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен, же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Видеодо жабырлануучу кылмышка шектүү камактан чыгарылганын айтканын угууга болот.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүгө карата баш коргоо чарасын — үй камагын колдонуу чечимин Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдирди.

Жабырлануучу өзүнүн видеокайрылуусунда белгилегендей, АК-Суу РИИБдин тергөө кызматы бул баш коргоо чарасын колдонуу боюнча чечим чыгарууга укугу жок. Тергөөнүн компетенциясына тергөө аракеттерин жүргүзүү, далилдерди чогултуу жана талдоо жана адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу саналат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында учурда Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE