Пример HTML-страницы

Ак-Сайда калган ишкер жана ата-бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Сай айылына куралдуу кол салуудан улам ишкер Матиса Надиров каза тапты. Тажикстандын аскерлери анын канаттуулар фермасын өрттөштү.

Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын тургундары Лейлек районунун Рават айылына качууга аргасыз болушкан.

Фермадагы тооктордун көбү күйүп кеткен. Быйыл ал канаттуулардын санын 50 миңге, кийинки жылы 100 миңге жеткирүүнү пландаган.

Жубайы Айсалкындын айтымында, Матиса Надиров Новосибирск шаарындагы жогорку окуу жайды аяктаган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Матиса Надиров канаттуулар фермасын карап калган. Чарбада аны менен кошо куруучулар жүргөн. Бирок Надиров аларды коопсуз жерге жөнөтүп жиберген.

Саат 11:25 чамасында жубайына телефон чалып, аны менен коштошкон. Бул анын акыркы жолу сүйлөшкөнү болгон.

Матиса Надиров моюнунан жана курсагынан жаракат алып (атылган), жашоого мүмкүн болбой калган. Ишкердин жансыз денесин жакындары эртеси, 17-сентябрда табышкан.

Чарба жумурткаларды «Ак-Сай» маркасы менен чыгарган. Продукциялар коңшу айылдарга жана райондорго жөнөтүлүп турчу. Надировдордун үй-бүлөсү «декалб» породасындагы тоокторду багышкан. Канаттуулар 30 миң тоок багууга ылайыкталган жабдууларды алып келишти.

Матиса Надировдун артында 4 баласы калды.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев Ак-Сай жана Капчыгай конуштарына Ворух анклабынан аскер кийимчен 500дөй адам кол салганын билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай айылында 180ге жакын үй жабыркаган. Жашоочулар кол салуу болушу мүмкүн деп шектенип жатышканын, анткени тажик тараптан даярдык көрүлүп жатканын, тактап айтканда кошумча күчтөрдү жана аскердик техниканы тартылып жатканы байкалган.

2019-жылдын март айында болгон окуялардан кийин Исфара—Ворух унаа жолунун тилкесиндеги жалгыз өткөрүү пункту алынган. Чек ара заставасы (Дача конушу) Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Ошондон бери Исфара—Ворух каттамындагы унаалар текшерүүдөн өтө элек.

Ак-Сай айылынын тургундарынын айтымында, Ворух анклавы район статусун алган. Ал жерде инфраструктура жакшырып жатат. Ошол эле учурда Ак-Сай Кыргызстан үчүн стратегиялык. Акыркы эки жылда тургундардын айтымында, айылга инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык маселелерди чечүүгө акча каражаты жумшалганы менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо биринчи орунда турат.

  • 16-сентябрдагы баскынчылыктын натыйжасында Ак-Сай айыл өкмөтүнөн 5 тургун набыт болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Тажикстандын куралдуу кол салуусунун жүрүшүндө Баткен районунун Ак-Сай айылынын 5 тургуну өлтүрүлгөндүгүн жазган.

Каза болгондордун арасында 1965-жылы туулган Зулпукаров Муктарбек Аврорович жана анын уулу Муктарбек уулу Мыктыбек бар.

Ак-Сай айылынын тургуну Тажикстандын аскер кызматкерлери анын агасын жана анын уулун мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн айтып берди.

«Мыкаачылык менен өлтүрүп, күйгүзүп салышыптыр. Адамдын акылына сыйбаган нерсени, айбандын ишин кылып жатышат. Үйлөрдүн бирин да калтырбай күйгүзүп, тоноп, мал-жанды айдап кетип, бардыгын жок кылышты. Айылга баруунун кажети жок. Биз көчөдө калдык.

Агам мектепте кароолчу эле. Мектептен чыкканда өлтүрүп, инимди 15-20 ок менен тытып салышкан. Ушунчалык мыкаачы болобу? Көмгөнү барганга аракет кылып, бирок жолдон өтө алган жокмун», — деди тургун.

Муктарбек Б.Ходжаев атындагы мектепте кароолчу болуп иштечү. Жаңжал болуп жаткан күндөрү социалдык тармактарга аталган мектептин имараты басылып алынып, Тажикстандын желеги илингени тууралуу видео тараган.

Мектеп өрттөлүп, балдарды окутууга жараксыз болгон. Айыл өкмөттүн имараты да жабыркаган.

Капчыгай айылына кол салуу маалында Тажикстандан келген аскерлер адегенде үйлөрдү тоношкон — техникаларды, буюмдарды алып чыгып, андан соң өрттөй башташкан. Кол салгандардын арасында аскер кийимчен, узун сакалчан адамдар да болгон. Айыл тургундары «жалданма жоокерлер» болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Тургундардын айтымында, тажик тарап бул баскынчылыкка кылдат даярданган.

Бакай участкасында канаттуулар фабрикасы өрттөнүп, анын курулушуна айыл тургундарынын айтымында, 300-400 миң доллардай каражат жумшалган.

Качыгай айылында ондогон турак-жайлар жабыркаган. Тургундар алдын ала маалыматтарды айтышты: 80 турак жайдын үчөө гана калган, калгандары тонолгон жана өрттөлгөн.

Ак-Сай айылында Көк-Таш—Аксай—Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында Дача—Чайхана жол тилкесинде узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жардырып жиберген.

Маршрут калыбына келтирилди.

Бул көпүрө Ак-Сай айылын Капчыгай айылы менен байланыштырып турат, конуштар дарыянын ары жагында жайгашкан. Көпүрө бул конуштардын тургундары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анын курулушуна 12 миллион сом бөлүнгөн.

Бул көпүрөнү куруу зарылдыгын Капчыгай айылынын тургундары байма-бай айтып келишкен. Ак-Сай дарыясынын башка тилкесинде дагы бир көпүрө бар, бирок ал чек ара сызыгына жакын жайгашкандыктан чыр-чатактар ​​маалында баткендиктер андан өтө албайт.

2021-жылдын 29-апрелинен 1-майына чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин 2021-жылдын 1-майындагы протоколго кол коюлган. Андан соң тажик тарап Ворух анклавына — Капчыгай айылынын үстүнкү бөлүгүнөн (четинен) жол сураган.

Кыргызстан өз позициясын билдирген — алар 40 миң калкы бар Ворух анклавына барууга шарт түзүүгө даяр, бирок жолду Кыргызстан курат.

• 2022-жылдын 17-сентябрында бул көпүрөнү тажик аскерлери жардырышкан.

18-сентябрдагы көпүрө мына ушундай болгон:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE