Turmush — Административдик-аймактык реформадан кийин Ош облусунда 58 айыл аймак, райондук маанидеги 3 шаар болот. Учурда 88 айыл аймак, райондук маанидеги 3 шаар бар.
- 2023-жылдын 30-декабрында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Өзгөн районунда 12 айыл аймак, 1 райондук шаар болот. Учурда 19 айыл аймак, 1 райондук шаар бар
Бүгүнкү күндө айыл аймактардын аталышы тандалып, ошондой эле административдик аймактын географиялык картасы даярдалды.
Өзгөн шаарынын калкынын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.
Шаардын калкынын саны — 64 005 адам. 8 мектеп, 8 бала бакча, 7 ФАП жайгашкан.
Айыл аймактар:
1. Кара-Шоро айыл аймагы, курамында 6 айыл, калкынын саны — 14 197 адам;
2. Салам-Алик айыл аймагы, курамында 12 айыл, калкынын саны — 18 967 адам;
3. Мырза-Аке айыл аймагы, курамында 9 айыл, калкынын саны — 23 577 адам;
4. Баш-Дөбө айыл аймагы, курамында 5 айыл, калкынын саны — 9 326 адам;
5. Дөң-Булак айыл аймагы, курамында 10 айыл, калкынын саны — 19 078 адам;
6. Жазы айыл аймагы, курамында 11 айыл, калкынын саны — 29 376 адам;
7. Куршаб айыл аймагы, курамында 3 айыл, калкынын саны — 24 750 адам;
8. Жалпак-Таш айыл аймагы, курамында 10 айыл, калкынын саны — 7 678 адам;
9. Кароол айыл аймагы, курамында 4 айыл, калкынын саны — 18 390 адам;
10. Жылалды айыл аймагы, курамында 11 айыл, калкынын саны — 27 340 адам;
11. Ийри-Суу айыл аймагы, курамында 9 айыл, калкынын саны — 14 256 адам;
12. Кызыл-Октябрь айыл аймагы, курамында 15 айыл, калкынын саны — 19 887 адам.
Райондо жалпы 105 айыл, калкынын саны 290 827 адам болот.
Кара-Шоро айыл аймагы:
Ак-Жар жана Көлдүк айыл аймактары биригип, Кара-Шоро айыл аймагы түзүлөт. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 9666,2 миң сомду түзөт. Экономикалык шарты оор болгондуктан мындан ары өнүктүрүүгө басым жасалып, аймактын географиялык жайгашуусу, жергиликтүү калкка ыңгайлуулугу эске алынып, Ак-Жар айыл аймагына кошууга болот.
Салам-Алик айыл аймагы:
Салам-Алик айыл аймагына Кызыл-Тоо айыл аймагынын айылдары кошулат. Салам-Алик айыл аймагында тоо кен өнөр жай тармагындагы көмүр кенинин запасы көп кездешкен аймактарга кирет. Ага кошулган айылдардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Мырза-Аке айыл аймагы:
Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулат. Экономикалык шарты оор болгондуктан мындан ары өнүктүрүүгө басым жасалып, аймактын географиялык жайгашуусу, жергиликтүү калкка ыңгайлуулугу эске алынып Мырза-Аке айыл аймагына кошууга болот. Мырза-Аке айыл аймагында экономикалык өнүгүү шарттары болгондуктан реформадан кийин да жакынкы араларда дотациядан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети — 47756,6 миң сом. Реформадан кийин жергиликтүү бюджети 60903,1 миң сомду түзөт.
Дөң-Булак айыл аймагы:
Дөң-Булак айыл аймагында айылдардын жана калкынын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.
Баш-Дөбө айыл аймагы:
Баш-Дөбө айыл аймагында айылдардын жана калкынын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.
Жазы айыл аймагы:
Жазы, Зергер айыл аймактары жана Кызыл-Тоо айыл аймагынын 3 айылы биригет. Зергер, Кызыл-Тоо айыл аймактарынын экономикалык шарты оор болгондуктан, аймактын географиялык жайгашуусуна жана жергиликтүү калкка ыңгайлуулугу эске алынып, Жазы айыл аймагына кошууга болот. Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 36334,1 миң сом. Реформадан кийин жергиликтүү бюджет 70156,1 миң сомду түзөт. Шарты оор айылдардын инфраструктурасы жакшырып, калкка бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ийри-Суу айыл аймагы:
Ийри-Суу жана Чангет айыл аймактары биригет. Айыл аймактар кошулганда жергиликтүү бюджет 36 261,5 миң сомду түзүп, мындан ары социалдык экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Тоолуу, шарты оор алыскы Ийри-Суу айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасы жакшырат.
Төрт-Көл айыл аймагы:
Жылалды жана Төрт-Көл айыл аймактыр биригип, калкка ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы:
Кызыл-Октябрь жана Кара-Таш айыл аймактары биригет. Айыл аймактар кошулганда жергиликтүү бюджет 48 249,0 миң сомду түзүп, тоолуу, шарты оор алыскы Кара-Таш айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасы жакшырат. Калкка ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Куршаб айыл аймагы:
Куршаб айыл аймагында айылдын саны жана калкынын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.
Жалпак-Таш айыл аймагы:
Жалпак-Таш айыл аймагында айылдын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.
Кароол айыл аймагы:
Кароол айыл аймагында калкынын саны көп болгонун жана жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен өзү калат.