Пример HTML-страницы

Айбек Майлибашев Ысык-Ата айыл өкмөтүн жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Айбек Майлибашев дайындалды.

Жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатына жана айылдык кеңештин депутаттарына Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов тааныштырды.

Майлибашев Айбек Бекболотович 1988-жылы 22-мартта Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында туулган. Ал Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2021-жылдын 25-июнунан бери иштеп келет.

Аталган айыл өкмөттүн мурунку башчысы Төлөгөнов Аскат Момуналиевич өзүнүн жазган арызына ылайык кызматынан бошотулду.

Ысык-Ата айыл өкмөтүндө административдик-аймактык реформанын алкагында ирилештирүү иштери жүргүзүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE