Пример HTML-страницы

4 тилде эркин сүйлөгөн Руслан Байгашкаев дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерге өлкөнүн кооздугун көрсөтөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Руслан Байгашкаев облуска келген чет элдик меймандарга Ысык-Көлдүн, өлкөнүн кооздугун көрсөтүп келет. Ал эми кыш айларында жергиликтүү балдарга лыжа тебүүнү үйрөтөт. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

Байгашкаев Руслан Арзыматович 1990-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринен туризм тармагы боюнча билим алган.

«Окууну аяктагандан кийин башка тармактарда эмгектенип жүрдүм. Бирок 5 жыл алган билимим калып калабы деген ой дайым тынчтык берчү эмес. Анын үстүнө бул тармакта атайын билимдүү адистердин жоктугу да кесибим менен иштөөгө түрткү болду. Бул аралыкта Дубайга да барып көрдүм. Ал жерде башка тармакта иштегеним менен туризм тармагы абдан өнүккөнүн көрдүм. Биздин өлкөнүн да кооздугун дүйнөгө татыктуу көрсөтсөк деген ой менен өлкөнүн туризм тармагына салым кошсом деп, мекенге келгенде бул тармакта эмгектенип калдым», — дейт ал.

Руслан кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Андыктан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерге Ысык-Көлдүн эле эмес, өлкөнүн баардык кооз жерлерин көрсөтөт.

«Көбүнчө Европадан келишет. Корея, Австралия, Англия, Германия, Франция, Израил жана Бириккен Араб Эмираттарынан, Америкадан да келгендер бар. Туристтер биздин өлкөнүн жаратылышына абдан суктанышат. Дайым баштапкы табигый абалын сактап калганыбызды айтышат. Мисалы, башка өлкөнүн бардык жеринде жол, жарыктар болсо, бизде жаратылыш бузулбай ошол бойдон сакталуу экенин айтышат. Тоолордун арасында киши буту баса элек жерлер бар экенин айтып калышат. Ошондой эле Ысык-Көлдүн пайда болушу, Чигу шаары тууралуу тарых, уламыштарга абдан кызыгышат», — дейт ал.

Байгашкаевдин айтымында, туристтер менен иштөө абдан кызыктуу.

«Израилден келген туристтер менен тоодо тур кылып жүргөнбүз. Негизи бала кезден тоого жакын өскөндүктөн шамалдын багытынан, булуттардын топтолушунан жаан качан жаай турганын билип каласың. Тоодо бир күндө аба ырайы 2-3 жолу өзгөрөт. Анан туристтерге «Азыр 10 минөт аралыгында жаан жаайт, суу өткөрбөгөн күрмөлөрдү кийгиле» деп айттым. Бирок алар кантип эле интернет жок жерден аба ырайы тууралуу биле алмак эле деп кийишпептир. 10 мүнөттө эле жаан катуу жаап кирди. Алар базага келгенде «Жана сага анча көңүл бурбай, кийбей койдук эле» деп айтышты. Андан кийин артыман калбай, бардык айткан көрсөтмөлөрдү так аткарып калышкан. Ушундай эле окуя башка да туристтер менен болот», — дейт ал.

Ошондой эле ак кар, көк муз болгон тоолордо тактыктан да өмүр сакталарын айтат.

«Австралиядан туристтер келген. Алар менен 6 күндүк тур уюштуруп жатканбыз. Сокулук тоолорунда элек. Мен гид болгондуктан дайыма туристтер менен болом. Андан сырткары жүк ташыган, тамак жасаган балдар бар. Ошол күнү рацияны албай калыптырбыз. Биз туристтер менен алдыга кеттик. Жүк ташыган, ашпозчу балдар артыбыздан келмей болушту. Анан мен карта менен кете бердим. Арасында тоону жакшы билет деген бала бар эле. Ал жаңы трассалардан адашып кетиптир. Ошентип кеч келишти. Эртеси түшкү тамактан кийин биз алдыга кеттик. Анткени туристтер жай басат. Ал эми балдар тамак-аштарды, кийим-кечени жыйнап, аркабыздан жетип келишчү. Кээде алдыга да ашып кетишет. Анан алар жыйналгыча биз сапарга чыктык. Балдар кечигип жатты. Мен шек алдырбай кете бердим. Күн кечтеп баштаганда туристтер да сарсанаа боло баштады. Анткени август айы болгону менен тоодо минус аба ырайы эле. Балдар келбесе тоңуп калуу, жада калса өлүмгө кабылуу коркунучу бар. Анан мен туристтерге ушул аймакта туруп тургула деп айтып, кайра артты көздөй чуркап жөнөдүм. Балдарга жолдон кезиктим. Көрсө, ошончо күн тынбай жүк көтөргөн балдар чарчап, түшкү тамактануудан кийин уктап калышкан экен. Бул аралыкта бизге эмне деген гана ойлор келип кетти», — дейт ал.

Ал эми кыш айларында бош убакыт көп болуп, Руслан жергиликтүү балдарга лыжа тебүүнү үйрөтөт.

«Азыр балдар лыжа үйрөнүүгө бардык шарттар бар. Мисалы, өзүм 9-10 жашта лыжа тебүүнү үйрөнгөм. Үйдө эски лыжа бар эле. Азы ойлосом азыркыдай лыжа менен чуркап машыкчу экенбиз. Машыктыруучу жок, бир-эки жыгылганда минтип буруу керек экен, минтип токтотуу керек экен деп өз тажрыйбабыз менен үйрөнгөнбүз. Анан ал лыжа менен байкем бийик жерден түшүп сындырып алган. Ошентип лыжабыз жок тебе албай калганбыз. Ал эми машыктыруучулук кесипти былтыр Швейцариядан келген адистерден окуудан өтүп үйрөндүк. Азыр балдарга колдон келишинче үйрөтүп келебиз. Учурда лыжага кызыккан балдар көп. Аларды окуутууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Каракол лыжа мекени болгондуктан баарыбыз аны мыкты тепсек жакшы», — деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE