Пример HTML-страницы

25 жаштагы жигит камакка алынды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-июнь күнү Кара-Сууда 6 адамдын өмүрү кыйылган кырсыкка катышкан унаанын айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ Ош ШИИБге Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылында, тактап айтканда Ош шаары менен чектешкен Касымбеков көчөсүндө оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү унаа жөө адамдарды басып калгандыгы кабарланган. Ал жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги менен тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар жыйналган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 24-июнь күнү саат 08:30 чамасында 25 жаштагы Т. уулу Б. өзүнүн «Хово» унаасын Касымбеков көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй айдап бара жатып, ал көчөдөгү курулуш матераилдарын саткаан дүкөндүн тушуна келгенде, астында жөө жүргүнчү ташыган кичи автобус чыга калганы аныкталган. Ал унаасын оң тарапка алып качып, башкарууну жоготуп, жолдун четине капталы менен оодарылып кеткен. Кузовунда жүктөп бара жаткан болжол менен 28 тонна көмүр төгүлүп, жолдун четинде турган жөө жүрүүчүлөрдү басып калган.

Кырсыктан каза болгондор:

— 1993-жылы төрөлгөн А.У.Р кизи;

— Анын 2018-жылы төрөлгөн кызы М.Т.А.

— 2021-жылы төрөлгөн уулу М.М.А.

— 24 жаштагы кош бойлуу келин Н.О.Ж;

— 10 жаштагы кыз Н.Р.А,

— 11 жаштагы кыз О. Г.Х.

Каза болгондордун жансыз денелерине медициналык кароо (скрытья) жүргүзүлүп, «Ховонун» айдоочусу Т. уулу Б. Ош облустук наркологиялык борборунан күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн. Ал соо абалда болгондугу тастыкталып, окуя тууралуу суралган. «Ховонун» ичинде келе жаткан 20 жаштагы жүргүнчүсү Т. уулу А да суралган.

Бүгүн, 25-июнь күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүнүн (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголуп, айдоочу Т. уулу Б. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 24-июнда эртең менен Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө «HOWO» үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып, 6 адамды басып калган. Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE