Пример HTML-страницы

11 жаштагы Адинай Анарбаева 2 күндөн бери дайынсыз болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Айтматов (Кара-Буура) районуна караштуу Аманбаев айылынын тургуну — 11 жаштагы Анарбаева Адинай Эсенкановна 28-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү жемпир, боз түстөгү токулган жакет, астында кара түстөгү юбка, бутунда сыя түстөгү жайкы бут кийим;

Өзгөчө белгилери: бою 110-120 см, арыкчырай дене түзүлүштө, бети тоголок, өңү кара тору, күрөң кара түстөгү чачы ийинине чейин.

Адинайдын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Айтматов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 102 (03456 2-65-76) же 0707 375 064, 0556 977 677 номуруна чалууңуздарды суранабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE