Пример HTML-страницы

1 саатта 5 балалуу болгон Бакасовдордун үй-бүлөсү менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын 45 жаштагы тургуну Толубай Бакасов келинчеги Нурзада Сатымкулова менен биргеликте үч эмди тарбиялап-өстүрүшүүдө. Ал үч эмдин кылык-жоруктарын, эсте калган кызыктуу окуяларынан Turmush басылмасына айтып берди.

«Биздин 4 балабыз бар. Улуу кызыбыз 9 жашта болсо, үч эм 1,5 жашта. Үч эмдин улуусу уулубуз Шыгай, экинчиси кызыбыз Айданек, үчүнчүсү уулубуз Абай. Боюнда бар кезде УЗИден текшерилгенде 3 эм экенин билип, алгач ишене албай койдук. Анан баары Кудайдан экенин айтып, кубанычыбыз койнубузга батпай жүрдү. Анан ай күнү жетип, кесарево жолу менен төрөлүштү. Алардын аралыгы 2-3 мүнөттөн эле болду. Дал ошол күнү инимдин аялы да көз жарып, эгиздерди жарыкка алып келди. Ошентип, 1 сааттын ичинде Бакасовтордун үй-бүлөсүндө 5 ымыркай төрөлүп, 5 балалуу болдук», — деди ал.

Каарманыбыздын айтымында, үч эмдин мүнөзү үч башка.

«Биздин үч эмдин салмактары 1800 жана 1900 грамм болуп төрөлүштү. Өзүнчө тондо жатышкан экен. Келинчегим боюнда барда “кыйналган жокмун” деп жүрдү. Мен, келинчегим, кызым анан балдызым болуп, төртөлөп үч эмди карайбыз. Кичине чоңойгон соң, тынчы кетип, үчөө үч жака чуркап, өнөрлөрү чыга баштады. Аябай тентек кыла башташты, ошого бир адам карап жетише албайт экен. Жаңы төрөлгөндө аябай окшош болушчу, ажырата албай кыйналчубуз. Азыр айырма бар, өңдөрү да башкачараак. Кызыгы үчөөнүн мүнөзү үч башка. Кызым кыялын көрсөтүп, эки уулума кыйын болуп калат. Кантсе да кыз бала кичине тыңыраак болот экен. Экөө оюнчуктарын колунан түшүрүп алса, кызым тыпылдап алып берип коёт.

Келечекке койгон максатыбыз — балдарыбызга жакшы таалим тарбия берип өстүрүү. Балдарыбыздын жашоодон орун таап алуусуна жардам берүү. Аларды жакшы окуу жайлардав окутуу, эч нерседен кем кылбай багуу. Муну менен катар алардын балалыгы бактылуу жана эсте каларлык болушу үчүн бардык күчүбүздү жумшап жаткан учурубуз», — деп сөзүн жыйынтыктады үч эмдин атасы Толубай Бакасов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE