Пример HTML-страницы

Жыгачтан идиштерди жасаган уста Амир Жалилов бренд түптөөнү пландап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 36 жаштагы тургуну Амир Жалилов жыгачтан этноидиштерди жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үйүнүн жанына чакан цех ачып, жыгачтан түрдүү буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Анын колунан чыккан жыгач буюмдарын өлкө аймагынан кездештирүүгө болот. Акыркы жылдары этноидиштерге болгон талап жогорулап, бир чынысы эле 800 сомдон жогору сатылат. Бул жумуштун баасына жараша түйшүгү да оор.

«Өзүм кесибим боюнча информатикмин. Ал эми кол өнөрчүлүктү атайын окуп үйрөнгөн эмесмин. Атам уста болгон. Ошондонбу менде да өнөр бар. Акыркы 2 жылдан бери жыгачтан ар кандай неиселерди жасайм. Мисалы үйлөргө тепкичтерди, терезе-эшиктерди, курулуштан сырткары ушул идиштерди да жасайм. Себеби суроо-талап жогору. Буйрутмалар Бишкекке чейин болот. Өлкөдө да мага окшогон усталар көп. Бирок биздегидей өрүк башка жактарда аз. Бизде өрүктөн жасалгандыктан алуучулар ушуга басым жасап алышат. Чыны, кесе, тарелка, кашык идиш-аяктын түрү менен жасайбыз.

Бир идишти жасоо үчүн анын жыгачын даярдайбыз. Ага 1 жыл убакыт кетет. Өрүк, жаңгак, карагай, тыт жана башка дарактардын жыгачтарынан жасайм. Аны даярдоо үчүн эгер азыр кырксам, аны атайын көңгө (малдын кыгы) көмүп коём. Ал ошол жерде жарылбай кургайт. Кийин анын фомасын тилип алам. Эгер жаңгак болсо аны 3-4 ай сууга салып турам. Себеби бул дагы башкача жыгач. Сууна салынса ар түрдүү түстө болуп кетпей бир түстө кургайт. Негизи ар жыгачты ар кандай ыкма менен кургатабыз. Кургаганда бышык болуп, жарылып кетпеши үчүн ушинтип алабыз. Анан ал 1 жылда даяр болот.

Бир чыныны колдо даярдоого 3-4 саат кетет. Аны жылмалап, майда иштери да көп. Ошондуктан баалары да кымбат болот. Мисалы бир чыны, кесенин баасы 800 сомдон 1000 сомго чейин, тарелкалар 500 сомдон башталат. Кашыктар 200-300 сом. 3500-4000 сомго чейин бааланган идиштер болот.

Биз Кытайдан же башка өлкөлөрдөн келген темир жылтыраган, айнек идиштерди 2500-3000 сомго алабыз, анан биздин этноидиштерди жөнөкөй тургундар кымбат дешип албайт. Бирок бул табыйгый таза буюм. Анан көп ресторан, ашканалар алышат. Балык, козу гриль, шиш кебектерди салчу чоң идиштерди буйрутма кылышат.

Менин максатым — биздеги өрүк жыгачтарын бренд кылып, суроо талаптарды жогорулатуу. Муну менен көп ишкерлер пайда көрсө болот. Биз азыр отун катары пайдаланып жаткан көп жылдык өрүк дарактардан киреше тапса болот», — деди ал.

Амир уста 1 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE