Пример HTML-страницы

Жумгалдын борборуна 21 млн сомго салынып жаткан күрөш залы кийинки айда пайдаланууга берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылында талапка жооп берген бир дагы спорттук мекеме жок. Бирок учурда 21 млн сомго күрөш залы салынып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Райондо жыл сайын кичи футбол талаалары курулуп, айыл жаштарынын басымдуу бөлүгү топ тебүү менен алек. Антсе да жаш муундар үчүн талапка жооп берген машыгуу залдарынын жоктугу чоң көйгөй жаратып келген. Жада калса Жумгал районунун Чаек балдар-уландар спорт мектебинин бир капталы урап, чатырынан тамчы тамып турат.

Ушул жылы узундугу 36 метр, туурасы 18 метрди түзгөн күрөш залы курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкуловдун айтымында, бул залдын бардык шарты менен талапка жооп берген спорт аянты болот.

«Былтыр октябрь айында курулуш иштери башталган. Мына бүгүн көрүп жатасыздар дубалы жана үстү бүтүп, терезелери орнотулуп жатат. Кудай буюрса, быйылкы жылы ишке берилет. Курулуштун бүтө турган мөөнөтү ушул келе жаткан сентябрь айында деп жатабыз», — деди ал.

Жумгал районунун аймагындагы 20дан ашуун көмүр кенинен түшкөн каражат райондук өнүктүрүү фонду аркылуу социалдык, экономикалык жана киреше алып келе турган долбоорлорго жумшалып келет.

Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Эрлан Солтоевдин айтымында, учурда да болбоорлор кабыл алынууда.

«Жумгал райондук өнүктүрүү фонду Адилет (юстиция) министрлигинен 2016-жылы алгачкы каттоодон өткөн. Өз ишин 2019-жылдан бери улантып келүүдө. 2019-жылы Жумгал районунун аймагында көмүр кесимдерден 12 млн сом, 2020-жылы 24 млнсом, 2021-жылы 43 млн сом акча түшкөн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE