Пример HTML-страницы

Жумгалда жөө жүрүшкө чоң ак калпак жана туу алып чыгышты. Сүрөт, видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылында мамлекеттик туу жана ак калпак күнүнө карата бүгүн, 3-мартта жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жөө жүрүшкө мекеме кызматкерлери, мектеп окуучулары катышып, 2 чакырым жерден калпак кийип, туу көтөрүп, район борборуна басып келишти.

Ал эми Чаек айылындагы Арманбек Өмүралиев атындагы №24 кесиптик окуу жайынын студенттери ири көлөмдө жасалган калпакты борбордук аянтка алып чыгышса, Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучулары көлөмү чоң тууну көтөрүп басышты.

Иш-чарада улуттук баш кийим болгон ак калпактын мааниси жана баалуулугу сөз болуп даңазаланып, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган патриоттук ырлар тартууланды. Майрамдык салтанаттын соңунда маданият кызматкерлери концерттик программа тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE