Пример HTML-страницы

Жумгалда алгачкы жолу чөп отоо жарышы өткөрүлдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылында алгачкы жолу чөп отоо жарышы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин «Бир шаар, бир өлкө» долбоору башталган. Долбоордун биринчи этабы катары айдоо талаада отоо чөптөрдү жок кылуу боюнча аталган жарыш өткөн. Ошондой эле уйгактарды жоготуу башкы планга коюлган.

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Токтобек Ысырановдун айтымында, жарыштын идеясын айыл тургуну Акмат Матиев көтөрүп чыккан.

«Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, жүгөрүнү отоо чөптөн арылтуу болуп жатат. Биз бул жерден эмгекке, аракет кылууга, тазалыкка үйрөтөбүз», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE