Пример HTML-страницы

Жумгалда 3 бала бакчанын директорлору кызматын тапшырышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда 3 бала бакчанын директорлору кызматтарынан кетишти. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алсак, Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы «Сайнап Уултай» бала бакчасынын жетекчиси Калия Сомташова, Чоң-Дөбө айылындагы «Азамат алтын балалык» бала бакчасынын директору Гүлбайра Огомбаева жана Чаек айыл өкмөтүнө караган Көк-Ой айылындагы «Күн желеси» бакчасынын директору Жибек Эркинбек кызы кызматтарын өз каалоолору менен өткөрүп беришкен.

Мындан тышкары жакында райондогу бардык бала-бакчанын директорлору сынак аркылуу кызматка келип, айрымдары ротацияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE