Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддын Көк-Арт кичи районундагы тургундар 200дөн ашык ийне жалбырактуу көчөт отургузду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы тургундар 200дөн ашык ийне жалбырактуу көчөт отургузду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Калаанын Көк-Арт кичи районунун жашоочулары каражат чогултуп, бул демилгени ишке ашырышкан. Жергиликтүү тургун Медер Даникуловдун айтымында, акыркы жылдары шаарда бир катар курулуштар жүрүп, көчөлөр кеңейтилип жатат. Бирок кээ бир көчөлөрдө чоң дарактар кыйылып, ордуна көчөт тигилген жок.

«Мындан улам биз — жашоочулар демилге көтөрүп, каражат чогултуп, 200дөн ашык ийне жалбырактуу көчөттөрдү сатып алып, ашар жолу менен Көк-Арт кичи районунун негизги делген көчөлөрүнө отургузуп чыктык. Биз тиккен көчөттөрдү калаадагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы өз убагында карап, суугарып, өстүрсө биз үчүн, калаа үчүн бир топ жакшы болмок. Биздин бул демилге шаардагы башка кичи райондордун жашоочуларына да жетип, ушундай иштер аткарылат деген үмүттөбүз», — деди Даникулов.

  • Жалал-Абад шаарында 3 эс алуу багы жана 1 экопарк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE