Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы жаш жубайлар сүрөткө түшүүчү жайдагы ызы-чуу. Тараптар үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абаддагы үлпөт тойлордо Курманбек аркасында сүрөткө түшкөн жаштардан акча алган жарандын видеосу социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан талкуу жаратты. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын тактады.

Видеонун автору — Ноокен районунун тургуну Эшимкан Эрмамат уулу акча алган жарандын иши мыйзамсыз деген пикирде.

«Ушул жылдын 10-февралында досумдун тою болуп, Жалал-Абад шаарына барганбыз. Ноокенге кайтып жаткан учурда Курманбек аркасына келип сүрөт, видеого түшүп жатканбыз. Бир учурда бейтааныш киши келип, өзүн арканын айлана-тегерегин тазалап караган киши катары тааныштырып, фотограф жигиттерден биз сүрөткө түшкөнүбүз үчүн «200 сом төлөгүлө» деп талап кылып жатыптыр. Аны байкап калып, жакын барып, кызматтык күбөлүгүн же уруксат кагазын сурасам, эч нерсе жок экен. Мындан улам мен аны уюлдук телефонума видеого тартып алдым. Чындыгында ал аркага тиешеси жок киши болсо, биз эмнеге ага акы төлөшүбүз керек деп ачууланып, видеону социалдык тармакка жарыяладым. Ал жакта аталган кишинин ишмердигине нааразы болгон пикирлер көп болуп, айрымдары буга чейин 200 сомдон төлөп жүрүшкөнүн жазды. Эгер бул каражат кайсы бир айыл өкмөттүн же шаардын бюджетине түшпөсө, эмнеге биз бир кишини байытышыбыз керек?

Кийинчерээк ошол Алишер аттуу жаран менин номурумду таап, видеону соцтармактан өчүрүп коюмду талап кылып, коркутууга чейин барды. Андан соң Ырыс айыл аймагы менен түзгөн келишими бар экенин, укук коргоо органдарына кайрыларын айтты. Бирок биздин той 10-февралда болгон, интернет колдонуучуларынын жазган пикирлеринде буга чейин да ал аркага сүрөткө түшкөнү келгендерден акча алып жүргөн. Эмнеге 12-февралда шашылыш келишим түзө калды? Буга чейин мыйзамсыз акча алып жүргөнбү деген ой келет», — деди Эрмамат уулу.

Ал эми аты аталып жаткан Алишер Кубатов сүрөт тарткандардан акча алган аракети мыйзамдуу деген ойдо.

«Негизи мен көп жылдардан бери Курманбек аркасына барып, ал жактын тазалыгына көз салып, тойлордо аркага сүрөткө түшүү үчүн келген жаштардын фотографтарынан акча алып келем. Ошол күнкү окуяда да түшүнбөстүктөр болуп кетти. Негизи мен алып жаткан акча мыйзамдуу. Себеби Ырыс айыл аймагы менен келишим түзүп алгам. Алган каражатымдан ай сайын төлөм жүргүзөм. 1-апрелден тарта административдик-аймактык реформа боюнча Курманбек аркасы Жалал-Абад шаарына карап калса, анда келишимди шаардык мэрия менен түзөм», — деди ал.

Ал эми Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Халилов Turmush басылмасына берген комментарийинде келишимдер жокко чыгарылганын, ал туура эмес түзүлгөнүн билдирди.

«Биздин айыл аймактын тургуну Алишер атуу жигит мен айыл өкмөт башчылык кызматка келгенге чейин эле арканын айланасында чакан стол коюп алып, сүрөткө түшкөнү келгендерге суу сатып, өзү сүрөтчү болгондуктан сүрөткө тартып, аны чыгарып берип, үй-бүлөсүн багып келген. Буга чейинки жылдары аны менен эч кандай келишим да болгон эмес. Ал 12-февралда айыл өкмөткө келип, юрист менен эсепчиге жолугуп, келишим түздүрүп алыптыр. Ошол кезде жыл жыйынтыгын чыгарган жыйындар болуп, мен жумушта болбогон учурда жооптуу катчыдан мөөрдү алып, юристке келишимдин шарттарын өзү айтып берип, келишим жасатып алыптыр.

Андан кийин соцтармактагы видеону көрүп, тиешелүү кызматкерлерди чакырып талкуулап, атайын жумушчу топ түзүп иликтеп, келишим менен буйрукту 20-февралда жокко чыгардык. Ал кишинин арканын айланасында жүрүп, үйлөнүп жаткан жаш жубайлардан, фотографтардан акча алып жатканы мыйзамсыз, ага эч ким андай укук берген жок. Эгер мындан кийин да ушундай көрүнүштөр орун алса, биз укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзам чегинде жаза колдонууга туура келет.

Ал жарандын арканын айланасындагы таштандыларды тазалап турам дегени да чындыкка коошпойт. Себеби күн сайын ал жакты айыл өкмөттүн чарба кызматкерлери тазалап турушат», — деди Халилов.

«Курманбек кылымдар мурасы» аркасы 2012-жылы Ырыс айыл аймагынын балансына өткөн. 2019-жылы ал жер 7,8 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, айлана-тегереги жашылдандырылган. Жалал-Абадда баш кошуп жаткан жубайлар аркага барып, сүрөткө түшүүнү салтка айлантышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE