Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда мас абалдагы 15 айдоочу кармалып, 30 унаа айып короого киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда майрам күндөрү жол эрежесин бузган 524 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалым болгондой, 15 айдоочу мас абалда экени аныкталган.

«Баарына белгилүү болгондой жол кыймылын тескеген инспекторлор жаңы жыл майрамын утурлай күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. 31-декабрдан 1-январга чейин облус аймагында жол эрежесине баш ийбеген 524 айдоочу аныкталып, админстративдик протоколдор толтурулду. Алардын ичинен айдоочулук күбөлүк же унаанын техникалык паспорту жок унаа айдаган 6 учур, белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган 191 айдоочу аныкталган. Спирт ичимдигин ичип алып рулга отурган 15 айдоочу, унаасын каршы тилкеге чыгарып айдаган 9 айдоочу аныкталып, оор эреже бузган 30 айдоочунун унаалары айып короо жайына киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE