Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 45 млн сомго оңдолгон парк эмне үчүн колдонууга берилбей жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы «Нооруз» паркынын пайдаланууга берүү кечеңдеп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы буга эмне себеп болуп жатканын тактады.

8 гектарды ээлеген паркты реконструкциялоо жумуштары өткөн жылдын май айында башталган.

Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулунун маалыматы боюнча, жумуштар дээрлик 98%га аяктап калды. Оргума иштебей, ошондуктан парк пайдаланууга бериле элек.

«Парктын ичинде жөө адамдар басчу жолчолордун баарына таман таш, айрым жерлерине асфальт төшөлдү. Отургучтар коюлуп, балдар үчүн атайын аянтча жана түнкү жарыктандыруу жумуштары аяктады. Газон, гүлдөрдүн баары өсүп, жумуш дээрлик 98%га аяктады. Бир гана оргума иштебей турат. Азыр адистер чакыртылып, оңдолуу алдында турат. Бул иштер аяктаса, эс алуу багы шаар калкына пайдаланууга берилет», — деди А.Маматжан уулу.

«Нооруз» паркы шаардын Спутник кичи шаарчасында жайгашкан. Аны реконструциялоо үчүн өткөн жылы шаар казынасынан 45 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Курулуш иштерин 3 компания аткарган.

Буга чейин шаар мэри Эрнисбек Ормоков 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда аталган парк боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, курулушту аягына чыгаруу талабын койгон.

Жалал-Абад шаарында сөз болуп жаткан парктан сырткары Жеңиш жана Токтогул эс алуу бактары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE