Пример HTML-страницы

Жайылдык самбисттер эл аралык турнирде үч медалга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЭл аралык турнирде Жайыл районунун самбисттери алтын, күмүш жана коло медаль алышты.

2022-жылдын 6-майынан 7-майына чейин Бишкектеги «Динамо» спорт комплексинде өспүрүмдөр арасында самбо күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү.

Турнир Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш күнүнө, ардагерлер жана уйгур жоокерлери, Советтер союзунун баатырлары Максим Якубов, Сулхи Лутпиллаев жана Дадаш Бабажановго арналды.

Турнирге 200гө жакын спортчу катышты.

Жайыл районунун атынан машыктыруучу Козубай Шеркозуевдин жетекчилигинде 3 спортчу катышты. Алар төмөнкүдөй натыйжаларга жетишти:

64 кг салмактагы Аятулло Алтынбеков 1-орунга (алтын медаль);

58 кг салмактагы Эржигит Турсунбаев 2-орунга (күмүш медаль);

46 кг салмактагы Байел Исаев 3-орунга (коло медаль) ээ болду.

Жеңүүчүлөргө турнирдин уюштуруучулары тарабынан эстелик медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE