Пример HTML-страницы

Жайылдагы мал базарда чоң бука 210 миң сомго бааланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунун базарында чоң бука 210 миң сомго бааланды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 20-мартта мал базарда «Борка» аттуу бука сатылган.

Буканын ээсинин айтымында, бодо малдын болжолдуу тирүү салмагы 850 кг, жашы 2,5. «210 миң сом сурап, бирок 170 миң сомго бердим. Самара шаарынан алынып келинген абердин-ангус породасындагы бука», — дейт Кара-Балта шаарынын тургуну Адилет.

Абердин-ангус породасы — эт багытындагы бодо малдын тукуму. Бул порода 19-кылымда чыгарылган. Букалардын тирүү салмагы 750-800 кг, кээде 1000 кг, уйлар 500-550 кг, кээде 700 килограммга чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE