Turmush — Ысык-Көл облусунда Раппопорт аллеясын көрктөндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлери акимчиликтин аппаратынын катышуусунда 1400 метр жерге 250 түп кайың көчөтүн отургузушту.
Алгач көчөттөрдү отургузуу алдында, Бактуу-Долоноту айылынын 88-жаштагы тургуну Сания Бараканова: «Бул жер мурунку Раппопорт аллеясындай өсүп-өнгөн жер болсун» деп ак батасын берди.
Ар бир тигилген кайыңга жоопкерчилик Бостерин айыл өкмөтүнө жүктөлдү.
Аталган участок Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосунда жайгашкан. Бул аллеядагы бак-дарактар 2016-жылы Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду автожолун реконструкциялоонун алкагында кесилген.
Жергиликтүү тургундар, республиканын бардык аймактарынан келген активисттер да бак-дарактарды кыюуга каршы чыгышкан.
«Раппопорт» аллеясынын тарыхы
СССР убагында Чолпон-Ата шаарынын атын алыска тааныткан Ысык-Көл мамлекеттик жылкы заводу болгон. Жылкы заводунун биринчи жетекчиси В.А.Пьянковсий аттуу адам эле. Ал Кыргызстанга 1908-жылы келип, өзү менен кошо Гитану жана Лавусту деген таза кандуу аттарды жана кулуну Альбертонду ала келген. №54 Ысык-Көл жылкы заводунун тарыхы мына ушундайча башталган.
1926-жылдын жаз айларында Чолпон-Атага аскер кийимин кийген эки «Кызыл туу» ордени бар, чачын ак баскан кавалерист келет. Ал элди чогултуп: «Мен заводдун жаңы директору болдум», дейт. Ал Буденный армиясында комиссар жана командир болуп кызмат өтөгөн Леонид Львович Раппопорт эле. Анын жеке демилгеси менен 1934-жылы Чолпон-Ата менен Бактуу-Долоноту айылдарын байланыштырган 5 чакырым аралыкка аллея негизделген. Ага жылкы заводунда эмгектенген жумушчулар эки катар көк терек менен кара жыгачты үч жума бою отургузушкан. Чолпон-Ата шаарындагы айтылуу аллея ошол себептен «Раппопорт» аллеясы деп аталып калган