Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү ишкана абдан бышып кеткен өрүктөрдүн 1 кг 5 сомдон алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында өрүктү кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат.

Ишкананын өндүрүш башчысы Элмира Асанакунованын айтымында, бул жерде как жана ширелер жасалат.

«Быйыл өрүктүн түшүмү мол. Биздин ишканада экспортко чыккандан кийинки өрүк алынып кайра иштетилет. Биз элден абдан бышып кеткен өрүктөрдүн 1 кг 5 сомдон алып, жууп тазаланып, андан кийин продукция өндүрүлөт. Атайын технологиянын негизинде экологиялык таза ширелерди даярдап, шишелерге куюп сатыкка чыгарабыз.

Бизде мындан сырткары жайма как кургатылып, ал борбор калаанын, өлкөнүн көпчүлүк соода түйүндөрүндө сатылат. Быйыл 20 тоннадан ашык камдап алдык. Алдыда дагы сары кыздын корун даярдоого аракет көрүп жатабыз. Райондогу кайра иштетүүчү жалгыз ишкана болгондуктан өрүк өткөрүүгө келген тургундар да арбын болду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE