Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү эс алуу объектилеринин ар бирине мониторинг жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 26-апрелинде «Ысык-Кѳлдүн экологиялык абалы боюнча кечиктирилгис чаралар жѳнүндѳ» №131 жарлыгы кабыл алынган. Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 24-майында №132 тескемеси кабыл алынып, жумушчу топ түзүлгѳн.

Жумушчу топ район аймагында жайгашкан ар бир эс алуу жайларын, санаторийлерин жана конок үйлѳрүн кыдырып, жарлык менен тааныштырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳн. Ошондой эле, ар бир эс алуу объектилеринин жетекчилерине инженердик коммуникациялар жана курулмалар жок болсо же талаптарга жооп бербесе иштѳѳгѳ тыюу салынары боюнча милдеттемелер берилген.

Бүгүнкү күндѳ аталган жарлыктын негизинде Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 12-январындагы №5 тескемесине ылайык, жумушчу топ түзүлгѳн. Жумушчу топ жогоруда айтылган милдеттемелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында бүгүн, 13-январь күнү жыл сайын иштеген эс алуу объектилеринин ар бирин кыдырды.

Жогорудагы жарлыктын 1-пунктунда Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедж, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө 2023-жылдын 1-январынан тартып тыюу салынсын деп кѳрсѳтүлгѳн. Ошол себептен жумушчу топтун мониторингинин негизинде корутундулар даярдалып, талаптарга жооп бербеген эс алуу объектилеринин иштѳѳсүнѳ тыюу салынмакчы.

Инженердик коммуникациялар жана курулмалар жок же талаптарга жооп бербеген жайкы туристтик мезгилде гана иштеген жана жылы бою иштеген эс алуу объектилеринин ишине тыюу салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE