Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган 59 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайкы туристтик мезгилге карата Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте уюштурулууда. Бул тууралуу облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын июль айынын 1нен 11не чейинки 10 күн аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 1306 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 59 айдоочу кармалып, 92 автоунаа атайын айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 5109, жол белгилерине баш ийбеген 77, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 21, автоунаа айдоого укугу жок 10, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 9, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды убагында төлөбөй жүргөн 12 айдоочу жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 36 жөө жүрүүчү болду.

Жайкы туристтик мезгилге байланыштуу аймактарда автоунаалардын саны көбөйүп жаткандыгын эске алып, мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча күчөтүлгөн тартипте уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE