Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө башын шампунь менен жууган кызды издеп жатышат. Ал жоопкерчиликке тартылат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адистери көлдө башын шампунь менен жууган кызды издеп жатышат.

Бир нече күн мурун социалдык тармакта видео пайда болгон. Аны эс алуучулар пляждардын биринде тартып алышкан.

Видео качан жана кайда тартылганы азырынча белгисиз. Ошол эле учурда облустук экология башкармалыгы кызды издеп жатканын кабарлады. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ал 10 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Ошондой эле кыздын өздүгүн тактоо үчүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына кат жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE