Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө аялын өлтүргөн тургун өзүнүн мойнуна бычак сайды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы соода борборунда 35 жаштагы келин бычактан алган жаракатынан улам каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ЦУМда жубайлар — 1987-жылы туулган эркек менен 1992-жылы туулган аял сүйлөшүү үчүн жолугушкан.

Учурда алардын ортосунда мурда чыр чыгып, бир канча убакытка чейин жубайлар өзүнчө жашап келишкени белгилүү болду. Алардын үч баласы бар.

Бүгүн соода борборунда жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен эркек киши аялын бычак менен сайып салган. Андан соң эркек өзүнүн мойнуна бычак сайган.

Аял алган жараатынан окуя болгон жерде каза болгон. Эркек, алдын ала маалыматтар боюнча, ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE