Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн жээгинде «суупери» пайда болду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунун Кепер-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Салмоорбек уулу Азамат Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайында иштеп жүргөндө көл жээгиндеги кумдан сууперини жасап көрдү.

Суупери — бул жомоктордо айтылып келген буттун ордуна балык куйругу бар узун чачтуу аял.

«Жыл сайын Ысык-Көлгө 3 айга иштөөгө келип кетем. Анда эс алуу менен жумушту бириктирем. Быйыл Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайында иштеп жүргөндө көл жээгиндеги кумдан сууперини жасап көрүүнү чечтим. Сүрөт тартканды өзүм өздөштүрүп үйрөнгөм.

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктадым. Кесибим боюнча архитектормун. Бул кесиптин ээси болуу менин балалык кыялым эле. 9-классты аяктагандан кийин 3 жыл колледжде окуп, кийин жогорку окуу жайга тапшырдым. Адамдын портретин 2500 сомго, дубалга пейзажды чарчы метрин 1500 сомго тартам», — дейт Азамат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE