Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн жээгинде эки дос кармалган. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы эки тургунга 40 миң сом айып пул салынды. Алар окуянын чоо-жайын сот отурумунда айтып беришти.

Айыпталуучу Амир (аты өзгөртүлдү, Н.А.Н.) 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Айыпталуучу Умар (аты өзгөртүлдү, У.М.И.) 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, эч жерде иштебейт, мурда соттолуп, сыноо мөөнөтү белгиленген.

Айыпталуучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) 1-бөлүгү менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Амир менен Умар алдын ала сүйлөшүп алып, 2023-жылдын 20-ноябрында саат 18:35 чамасында Түп районунун Тогуз-Булак айылынын четиндеги Ысык-Көлдүн жээгине (Николаевский залив) барышкан. Алар 1 кайык, 2 калак менен мыйзамсыз балык уулоого чыгышкан. Амир менен Умар 10 даана май канат (сиг лудога) кармап жаткан жеринен Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык взводунун инспекторлору тарабынан кармалган. Алар мамлекеттик балык коругуна 20 200 сом материалдык зыян келтирген.

Соттук отурумда айыпталуучу Амир күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2023-жылдын 20-ноябрында досу Умар телефон чалып, «Ысык-Көлгө балык жегенге барып келели» дегенге макул болгон. «Нива» унаасын айдап, Умардын үйүнө барган. Ал кайыгын, торун алып, Ысык-Көлдүн жээгине барышкан. Балык уулоочу торду көлгө салышканда 10 балык түшкөн. Көл жээгине чыкканда милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Ал балык кармаганга уруксат алыш керек экенин билбегенин айтып, кечирим сурап, жеңилдик берүүнү суранды.

Умар да күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, Амир унаасы менен келгенде өзүнүн кайыгын, кошунасынын торун салып, көл жээкке барышкан. 10 балык кармап, жээкке чыкканда милиция кызматкерлери кармаган. Ал торду каза болгон кошунасынан алганын айтып, кечирим сурап, жеңилдик сурады.

Жыйынтыгында Түп райондук сотунун 2023-жылдын 13-декабрдагы өкүмү менен Амир менен Умар күнөөлүү деп табылып, эки жылдык мөөнөткө балык уулоо укугунан ажыратуу менен 20 000 сомдон айып салынды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE