Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк К.Бейшекеев «жандуу боз үй» жасап жатканын айтат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын 55 жаштагы тургуну Кубанычбек Бейшекеев бак-дарактар аркылуу өзгөчө боз үй өстүргөнүн Turmush басылмасына билдирди.

«Өзүм айыл жергесинде мал-чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык сыяктуу жумуштар менен алекмин. Баарынан да өзгөчөлөнгөнү — турпан талдан, тактап айтканда тирүү бактан табигый боз үй жасадым. Бул дагы бүтө элек, ууктары өсүп жетилгенде, боз үй дагы көркүнө келет. Боз үй жасоо идеясы — үйдөгү бак-дарактан келип чыккан. Алгач көчөттөрдү кошуп тигип койгом, күзүндө келсем 8 түбү жерге салаңдап чыгып калыптыр. Анан баарын чогултуп туруп байлап койдум. Ушундан улам жандуу боз үй жасоо идеясы келип чыкты.

Менин боз үйүмдү кетип баратып көргөндөр, таң калганынан токтоп калышат. Сүрөткө тартып, кантип жасалгандыгы боюнча суроолору узатып, жана башка нерселерди кеп кылып, анан сапарын улантышат. Буюрса, бактар өсүп жетилсе, жашыл боз үй болот. Жайдын ысык күндөрүндө конокторду жап-жашыл болгон боз үйүмдүн ичине киргизип, сыйласам дейм», — деди ал.

Каарманыбыз 2 уул жана 1 кыздын атасы.

Жогоруда айтылган ыкмада өстүрүлгөн Таластагы боз үй.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE