Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Айпери Асылбекованын Москвадагы жашоосу жана аны ыйлаткан мигранттар

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылынын 29 жаштагы тургуну Айпери Асылбекова. Ал учурда Россиянын Москва шаарында стоматолог-терапевт болуп эмгектенет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мектеп босогосун Каракол шаарында аттап, 11-класска көчкөндө, Тегизчил айылында окуп (2011-жыл) аяктагам. Андан соң шартка байланыштуу Москва шаарында иштеп жүрдүм. 2014-жылы Каракол шаарына келип, академик И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжине тапшыргам. 2018-жылы артыкчылык (кызыл) диплому менен аяктадым. Медицина тармагында болууну бала кезден кыялданчумун деп айта албайм. Чет тилдерге шыгым бар, ушундан улам лингвистика тармагына тапшыргым келчү. Бирок медициналык колледжге тапшырып, окуу учурунда кызыгуум күчөп кетти», — деди ал.

«Учурда Москва шаарында жашап, медициналык борбордо эмгектенем. Бул шаар жөнүндө айта кетсем, дайыма эле кабагын бүркөп тургандай сезиле берет. Аба ырайынан да эмне күтүштү билбейсиң. Башка жактардагыдай эле ар кандай адамдар жолугат. Москванын өзүндө төрөлүп-жашаган орус улутундагы адамдар өтө жөнөкөй келишет. Жоолукчан болгонума себептүүбү, айтор алгач жактырбагансып карашат. Сүйлөшө келгенде, жакшы мамиле кылып башташкандыгын байкап калам», — деди ал.

Каарманыбыз жумуш учурундагы окуяларынан айтып берди.

«Стоматолог-терапевт болуп 2021-жылдан бери иштеп келем. Бул жакта Кыргызстандагы стоматологиялык жардамдан көп эле айырмачылыктар бар. Кыргызстанда көбүнчө Совет доорундагы методикалар колдонулат. Бизде «жаш болсо, тажрыйба жок» деген ойлор калыптанып калган. Жаш стоматологдор тиш дарылоодо жаңы жана заманбап ыкмаларды колдонуп, жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө. Биздин борбордо орус, кыргыз, өзбек, тажик жана башка улуттагы жарандар тиштерин дарылартып кетишет.

Кээде бейтаптар оорусуна чыдап, уктай албай жүрүп, анан болбой калганда келишет. Даттануусун угуп, диагнозун коюп, даарылоо ыкмасын ойлонуштургандан кийин ийне сайып, мына дарылайын деп жатканда, бейтап оозун ачпай уктап калган учурлар болот. Кайран кыргыз элим оокат деп жүрүп, чыдай албай калганда анан келишет. Ийне сайганда тиш оорубай калат да, ошого уктап калышат. Аларды карап отуруп, көзүңө жаш келет.

Айрым бейтаптардын тиш дарылоосун 1 күндө эле бүтүрүп коюу мүмкүн эмес. Ушундай учурларда «бир же эки жумадан кийин келесиз» деп кетирсең, ошол боюнча жоголуп кетишет. Өз ден соолуктарына кайдыгер мамиле жасашып, жаш туруп жасалма тиш (протез) кийип калышат», — деди ал.

Айпери алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум экөөбүздүн чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Жолдошум кесиби боюнча математика мугалими. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрүп жатса, биз Москвага келип алдык. Бул жакта такси кызматында иштейт. Ошондой эле мени ушул күнгө жеткирген жана билим алуума шарт түзүп берген апама ыраазымын.

Кудай буюрса, келечекте бардык талаптарга жооп берген клиника жана окутуу борборун ачкым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE