Пример HTML-страницы

Ураган мөңгүгө күбө болгон жергиликтүүлөр

Акыркы жанылыктар

TurmushЖууку ашуусуна куткаруучулар кетишти, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, куткаруучуларга Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда мөңгү ээрип, кулады деген маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 2 офицер жана жайыт комитети, жарандык коргонуу кызматынан ыкчам топ координациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен.

Жерине чейин болжол менен 100 чакырымды түзөт.

Видео ӨКМдин социалдык баракчасынан алынды. Анда күрүлдөп түшкөн мөңгүнү жана «аттарды кармап» деп айтып жаткан жергиликтүүлөрдү көрүүгө болот.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда мөңгү ураганы жазылган. Окуя Тескей Ала-Тоодогу Жууку ашуусунда болгон. Бул тууралуу окуяга күбө болгон чет элдик туристтер аны видеого тартып алышкан.

Мөңгү 8-июлда ураган. Ошол учурда туристтер Жууку ашуусунда болчу. Алар жабыркаган жок. Туристтер мөңгү басып калган жерден 5 мүнөт мурун өтүп кетишкен болчу.

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Кайрат Молдошевдин айтымында, мөңгүнүн урашына климаттын өзгөрүшү себеп болду. Абанын температурасы жогору болгондуктан, мөңгү эрип, анын бир бөлүгү ураган.

Профессордун айтымында, эми мөңгү ураган жерди көзөмөлгө алыш керек, себеби ал эрип, сел жүрүшү мүмкүн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE