Пример HTML-страницы

Учурунда Кадыржан Батыровго таандык болгон 7 батир сатылат. Алардын эң кымбаты канча сом?

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 18-сессиясы өттү. Депутаттар Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн объектилеринин катарына кирген көп кабаттуу үйдөгү 7 батирди тилкелей сатууга макулдук бергенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

  • Сөз Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүнүн 135 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөгү 7 батир тууралуу болуп жатат.









Аты жөнүМуниципалдык батирлердин дареги
1.Бекиев Муратбек МинхалиевичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 40- батир
2.Бекназарова Дилбар АкматалиевнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 45- батир
3.Кыштобаева Нурила КадыралиевнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 12- батир
4.Маматеминова ЖыпарЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 9- батир
5.Сатарова Амина АкжолбайовнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 47- батир
6.Эрматова Салийма АлыкуловнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 38- батир
7.Юсупалиев Бактыбек СагындыковичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 42- батир

——————————————————-

2023-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 18 батирди сатууга макулдук берген.

——————————————————-




















Аты жөнүМуниципалдык батирлердин дареги

Айдарбеков Искендер ТоктоназаровичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 48-батир

Арапбаева Бурулай ЖээнбековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 20-батир

Арзыкулова Чынара КамытовнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 49-батир

Джумабаева Гулбурак АйтмаматовнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 35-батир

Камбарова Гульнар МуратбековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 51-батир

Карымшакова ТотуЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 1-батир

Керимкулова Замира ИсаковнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 3-батир

Кочоров Шаирбек УсөнбаевичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 32-батир

Кудашева Айида СадирбековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 41-батир

Макешов Нурлан ТабышевичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 44-батир

Самиева Гулшайыр КелдибековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 36-батир

Толубаев Нурланбек ИсманбаевичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 52-батир

Тороханова Айтикан КимсановнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 17-батир

Шекеев Талант РысбековичЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 33-батир

Шериева Урияткан БыкышбаевнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 50-батир

Эркебаева Нурайым АширбековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 19-батир

Эрматова Сайрагул ЖанибековнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 7-батир

Эсенова Мактымкан НаиповнаЗ.Жамашев көчөсү №135 дареги 39-батир

Сессияда маалым болгондой, эми шаар мэриясы муниципалдык батирлерде 2006-жылдан бери жашап келген жашоочулар менен келишим түзүп, жашоочулар 10 жылдык мөөнөткө чейин белгиленген төлөмдөрдү төлөп бериши керек.

Сөз болуп жаткан З.Жамашев көчөсүндөгү көп кабаттуу үй көз карандысыз баалоочулар тарабынан бааланган. Ал жердеги жашоочулар терезе орнотуп, суу тартып киргени, тепкичтерди куруп бүтүргөнү сыяктуу жумуштарды аткарганы эске алынып, 50 пайыздык кыскартуу болгон. Батирлер кабатына жана бурчта жайгашкандыгына карап эң арзаны 680 миң сомго, эң кымбаты 717 миң сомго чейин бааланды. Баары 3 бөлмөдөн турат. 20дан ашык үй-бүлө баалоого, мэрия менен келишим түзүп төлөөгө макул болгон. Сатып алууну каалабаган жашоочулар жашай берет, бирок үйлөр муниципалдык үй бойдон калат.

Сөз болуп жаткан көп кабаттуу үй 52 батирден турат. Анын ичинен 22 батир сот тарабынан конфискацияланганга чейин документтештирилген. Үйгө 2006-жылы К.Батыровго нааразы болгондор эч кандай документсиз кирип алышкан. 2010-жылы Батыровдун мүлктөрүнүн катарында мамлекетке өтүп, «Элдик» мамлекеттик ишканасына берилген. 2016-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке өткөн. Ал эми жашоочулар 2006-жылы шаар мэри болуп турган Дүйшөнали Мамасалиевдин уруксаты менен киргенин айтып келишет. Бирок бир дагы тиешелүү документ көрсөтө алышкан эмес.

Аталган үй калаадагы кирпич заводдо иштеген кызматкерлер үчүн 1985-жылы курулуп баштаган. Көп кабаттуу үйдүн чатыры жабылып калганда союз тарап, кыш завод Батыровго сатылып кеткен. Завод жетекчилиги менен Батыров ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык үйлөр заводдо иштеп, үй алуу үчүн кезекте тургандарга берүү да каралган.

Жолдошу 25 жыл, өзү 20 жыл кыш заводдо иштеп жүрүп К.Батыров менен 8 жыл соттошуп жатып, араң үйгө жеткен Буажар Энназарова үй алуу оңой болбогонун айтып берген.

«Кыш заводдо ишемби, жекшемби күндөрү үй алабыз деп акысыз иштечү элек. Бул үй ошол кирпич заводдун балансында болчу, үй бүткүчө эле союз тарап, завод сатылып кетти. Үй алуу үчүн кезекте турган 10 үй-бүлөгө ушул үйдөн бере турган болуп, завод жетекчилиги менен К.Батыровдун ортосунда келишим түзүлгөн. К.Батыров сөзүнө турбай, үйдү бербөөнүн аракетин көрүп, ал менен 8 жыл соттоштук. Соттордун адилеттик чечими менен үйдү өткөрүп алдык. Биз башка жактан үй чыкса да ушул үйдөн алабыз деп күтүп жүрдүк. Завод сатылбаганда, үй алам деп иштеген далай кызматкерлер ушул үйгө ээ болушмак, айрымдары иштеп-иштеп кала беришти», — деген ал.

————————————————-

Кадыржан Батыров 1956жылы 9мартта ЖалалАбадда туулган. Ал Кыргызстандагы өзбек коомунун лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Ал Швецияда сасий башпаанек алган.

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 2018жылы 4-декабрга караган түнү 62 жашында Украинанын Одесса облусунда көз жумган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Ал Ташкенттеги көрүстөндө жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE