Пример HTML-страницы

Turmush: «Жаңы келин болуп барганда, кечкисин үйүмө кетип калчумун»: Ак-талаалык М.Кызалакованын кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы «Солнышко» бала бакчасынын тарбиячысы Миргүл Кызалакова «Жылдын мугалими-2022» сынагында 1-орунду алды. Ал өзүнүн үй-бүлөлүк жашоосу, кесиби, ийгиликтери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Каарманыбыз 1985-жылы 5-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жарык дүйнөгө келген. «Солнышко» бала бакчасында 7 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип келет.

«Учурда үч сүйкүмдүү кыздын энесимин. Улуу кызым Сезима 6-класстын окуучусу болсо, экинчиси Асема 5-класста билим алууда. Ал эми кичүү кызым Жасмина бала бакчага барат. Жолдошум Максутов Талантбек Карганбекович менен 2008-жылдан бери бирге чогуу түтүн булатып келе жатабыз. 14 жыл мурун турмуш жолуна аттанып, башка үйдүн босогосун аттагам. Алгач башка үй-бүлөгө көнө албай жүрдүм. Күндүз кечке оокат кылып жүрүп, кеч киргенде «үйгө барып келейин» деп калчумун. Эки айылдын ортосун бейит бөлүп турар эле. Анан ошол жерге жетпей, коркконуман кайра артка кайрылып келчүмүн. Күндөрдүн биринде мүрзөдөн өткөндөн коркуп, кайра артка үйгө келе жатсам, жолдошум мени көздөй келе жатыптыр. «Эмне болду?» деп сурасам, «Сени үйүӊө жеткизип коёюн» деди. Ошол сөзүнөн кийин үйгө кеткис болгом. Менин ошондогу абалыма түшүнүү менен караган жолдошума ыраазымын. Келин болуп келген жылы эле жумушка орношком. Кайненем түшүнүктүү адам болгондуктан эч кандай оорчулуктар болбоду. Жолдошум экөөбүз турмуштун ачуу-таттуусун бирге көрүп, жашоого такшалдык», — деди ал.

Миргүл айым мектепти 2003-жылы бүтүрүп, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен информатика мугалими адистигин 2008-жылы алып чыккан. 2008-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөн сон, Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинен эмгек жолун баштаган.

«Жогорудагы аты аталган мектепте 7 жыл эмгектенип, коомдук иштерге активдүү катышып жүрдүм. Анда социалдык педагог жана тарбия иштери боюнча милдетти аркалагам. Бала чагымдан мугалим болууну кыялданчу элем. Кичинекей кошунанын балдарын ээрчитип алып, аларды окутат элем. Ошол кыялдарым орундалып, азыр ардактуу мугалимдердин арасында жүргөнүмө сыймыктанам. Үзүрлүү эмгектин арты менен Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы, Сокулук райондук кесиптик бирлигинин диплому менен сыйландым. Бала бакчадан эки жолу мектепке даярдоо тайпасын мектепке узаттым. Кичинекей балдар менен иштөөдө жан дүйнөӊ тазарат экен.

Бала чагымда журналист жана актриса болуу кыялдарымдын бири болчу. Бул кыялдарым ишке ашпаса дагы, бала бакчада актриса болуп, көп ролдорду аткарып, бир топ иш-чараларды алып барып келем. Бош убактымда китеп окуганды, түрлөп чач өргөндү, даамдуу тамак жасаганды, сүрөт тартканды, иш кагаздарын жазганды, курак кураганды, сайма сайганды, түймө түйгөндү, бир нерсени ойлоп тапканды жакшы көрөм. Келечеккке койнон максатым — өсүп келе жаткан жаш муундарга татыктуу тарбия берип, коомго пайда алып келген инсандарды тарбиялоо», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE