Пример HTML-страницы

Turmush: Ысык-Көлдү айланып, Бишкекке чейин 630 чакырымды чуркап өтүү кыйын болду,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылынын 21 жаштагы тургуну Кутман Мамбетов жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жаратууну көздөп келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мектепте 9-классты аяктаган соң, орто-кесиптик окуу жайларда билим алдым. 2 дипломдун ээсимин, азыркы тапта спорт менен алекмин. Жеңил атлетика менен 2018-жылдан бери машыгып келем. Спорттун бул түрүн тандоого апам түрткү берген. Мен көбүнчө 10-21-42 километр аралыктагы марафондордо чуркайм. Көптөгөн ийгиликтерди жараттым, Кыргызстандын көп жолку чемпионумун. Казакстанга да барып, Азия марафонунан 3-орунду камсыздап келгем», — деди жөө күлүк.

Анын айтымында, бир аптада 630 чакырымды чуркап өтүү кыйын болгон.

«Ушул убакытта бир катар жергиликтүү жана эл аралык жарыштарга катышып, күчүмдү сынап көрдүм. Алгачкы ирет байгелүү орундарды ээлегенде өзүмө болгон ишеним пайда болду. Машыгууларда 7 күн катары менен 80-90 километрге чейин тынбай чуркоого туура келет. Кызуу машыгуулардан кийин койгон максатыма жетүүнү чечтим. Уруксат алуу үчүн Бишкек мэриясына, Дене тарбия жана спорт департаментине кайрылып, жардам алдым.

Чуркоо сапары Балыкчы шаарынан башталып, Ысык-Көлдүн түштүк тарабы, Каракол, Чолпон-Ата аркылуу Бишкекке чейин созулуп, жалпысынан 630 чакырымды түздү. Бул аралыкты жети күндө басып өтө алдым. 17-июнда Бишкек шаарына маарага бардым, өтө кыйын болду. Мен бул күнгө чейин эч ким жасабаган рекордду койдум. Буга чейин 630 чакырымга эч ким чуркабаптыр. Азия боюнча эң жаш ультрамарафончулардын катарын толуктадым. Башка өлкөлөрдө да ультрамарафондорду уюштуруп келишет. Бирок Кыргызстандан эч ким барып ага катышпайт. Буюрса мага колдоо көрсөтүлүп, шарт түзүлсө, кыргыз элимге алтын медаль менен кайтууга даярмын. Келечекте дүйнөнүн чемпиону болуп, Кыргызстандын кызыл желегин дүйнө элине тааныткым келет», — деди ал.

Жөө күлүк үй-бүлөсү тууралуу кыскача айтып берди.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, төртөөбүз тең эркек балдарбыз. Мен үчүнчүсүмүн, эки байкем бар, алар өздөрүнүн жашоосу менен алек. Атам оорудан улам каза болуп калган. Азыркы тапта апам жана иним болуп үчөөбүз жашайбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE