Пример HTML-страницы

Turmush: «Шприц менен куюп жиберсем, 5 мүнөттө өлүп калды»: Фермер Нурбек Калматовдун баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Аманбаев айылынын 35 жаштагы тургуну Нурбек Калматов Арашан породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча автослесарь.

«Кесибим менен 1 жылдай эле иштегем. Андан кийин эле дыйканчылык менен алектенип баштадым. 3 жылдан бери Арашан койго кызыгып, багып калдым. Ага чейин жалаң уй багып, ошол менен оокат кылчубуз. Бир жолу мал базардан сындуу кой көрүп калып, эмнегедир абдан жагып калды. Ошондо алгач 24 миң сомго кой алып келгем. Ал кезде кой үчүн 24 миң сом деген чоң акча болчу. Анан ал 20 күндөн кийин эле тууп берди. Эркек козу тууду. Аны Геракл деп койгом. Аны багып жүрүп, 4 ай болгондо салмагы 80 кг болгон. Социалдык тармактарга видео салсам, эл аябай таң калып, сурагандар көп болду. Анан 2-3 күн өтпөй эле ошол козуну энеси менен 200 миң сомго сатып алып кетишти. Баягы козу менден сатылгандан кийинки баасы андан дагы кымбат болуп, 350 миң сомго сатылганын билем.

Андан бери дагы жалаң Арашан кой багып, жалаң ошол багыт менен кеттим. Эл аралык көргөзмөдө «Дельфин» деген Арашан коюм 3-орунду алган. Арашан койдун өзгөчөлүгү — бойлуу, салмактуу, кулактары узун, сулуу болот. Кочкорлорумду 20 миң долларга чейин саткан учурлар болду», — деди ал.

Фермер буга катар эле башынан өткөн кыйынчылыктарды эскерди.

«Бир жолу базардан козу кочкор алдым. «Арашандын кулагы узун болот» десе эле ала берген экенмин. Аны 80 миң сомго алгам. Мен кулагын эле карап, куйругуна маани берген эмесмин. Көрсө ал башка эле порода экен. Аны 6 ай багып, кайра арзан саткам.

Дагы бир жолу Бишкектен дагы 105 миң сомго козу кочкор алып келгем. Анын дагы кулагына маани бербей, боюна карап эле алып алгам. Көрсө кулагы кичинекей экен. Жанына жологон адамды аябай сүзөт эле. Аны сатканда дагы жарым баасына бергем. Башында ушундай жаңылыштыктардан дагы өткөнбүз. Анан ар кимден «кантип багам?» деп сурайсың да. Ар ким өзүнүн кеңешин берет. «Булардын козуларына балыктын майын бериш керек. Ошондо жакшы өсөт, өңдүү болот» деп айтышканы үчүн, ал кезде 4-5 кой болуп калган, балыктын майын алып келип, козуну кармап туруп, 5 граммдык шприц менен балыктын майын куюп жиберсем, өпкөсүнө кетип калып, 5 мүнөттүн ичинде өлүп калды. Ошондуктан ар кимди уга бербей, атайын адистерге барып, уялбай эле кеңеш сураш керек», — деди ал.

Фермер жубайы экөө 3 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE