Пример HTML-страницы

Turmush: «Пакет операциясы», акыркы сапарга узатуудагы 800 миң сомго чейинки чыгым: Түптө ысырапкорчулук маселеси талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунда муфтияттын өкүлдөрү эл менен жолугушуп, ысырапкерчиликти токтотуу боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага «Агартуу кербенинин» мүчөлөрү, муфитияттын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуров, аалымдар кеңешинин мүчөсү Кыдырбек Жээнбеков, Түп районунун имамы Бакыт Кайкиев, райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, социалдык кызматкерлер катышты.

Дин кызматкерлери катышуучуларга Ысырапкорчулукту токтотуу ,туура багытта балдарга тарбия берүү, ата-энени сыйлоо, ыйманга басым жасоо боюнча кенен маалыматтар берилди.

Султанали Гапуров азыркы балдар телефонго көз каранды болуп, динден түшүнүгү жок жаштар айылдан чоң-чоң шаарларга барганда азгырылып, ар кандай иний агымдарга кошулуп жатканына токтолду. Үй-бүлө куруудан ажырашуунун саны көп.

Ал ага катар эле ысырапчылыкка жол бербөөгө токтолду.

«Республика боюнча бир адамды акыркы сапарга узатууда жаназадан баштап, ашына чейин 700-800 миң сомго чейин чыгаша болот экен. Мына ысырапкорчулук деген. Кээ бир колунда барлар кийин ушунун азабын тартарын билбей, бардарлыгын көрсөтсө, колунда жоктор кур намыска алдырып, көп жылдар бою карыздан кутула албай өмүр өткөрүшөт», — деди ал.

Кызырбек ажы Жээнбеков салттуу дин жана суицид жөнүндө кеңири токтолуп, алардын коомго тийгизген таасирине баа берди.

«Балдар чет өлкөгө окууга кеткенде диний жактан билими жок болуп, ислам дининин биздин мыйзамга каршы агымдарына кирип кетип, кыргыз элинин татынакай улуттук кийимдерине доо кетирип жатат. Ата-энесинин тарбиясынан, таалиминен сыртта калган балдар интернеттен ар кандай азгырык оюнга кирип суицидге кабыл болгондор жөнүндө баарыбыз эле билебиз. Ушуларды убагында тыйбасак, мындан да оор абалга туш келебиз», — деди ал.

Бакыт ажы Кайкиев Түп районундагы жалпы диний абал жөнүндө айтты. 32 мечиттин 30у каттоодон өткөн. Аларды 25 имам тейлейт.

«Кыз узатуу жолго коюлду. Ар бир айылдын имамдарында «Никеге каттоо» журналы иштей баштады. Турмуш курган кыздын жашы 18ге чыгыш керек. Ала качууга жол берилбейт.

Аялдарга карата зомбулуктар кезигип калат. Аларга каршы тартип сактоочулар менен бирге иш алып барып жатабыз. Суициддер кезигип жатат. Такыр болтурбоо үчүн суицидге жеткирген адамдар менен иш алып баруу керек. Алар негизинен телефондон болуп жатат.

Пакистандыктарча кийинүү бул милдет эмес. Сенин таза кийинип жүргөнүндүң өзү эле сүнөт. Жамандыкта 1 малдан ашык сою керек эмес. Дасторкондогу ысырапкорчулук, «пакет операциясын» токтотолу деген аракеттер өз үзүрүн берип жатат», — деди ал.

Жыйында коомчулуктун кызыгуусун арттырган суроолорго жооптор алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE