Пример HTML-страницы

Turmush: Мамлекеттик тил күнү: Караколдо көрнөк-жарнактар текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында муниципалдык аймак башчылары тарабынан шаар ичинде жайгашкан дүкөндөр, кафелер, ашканалар, коомдук жайлардын көрнөк-жарнактарын жеринде кароо иштери жүргүзүлүп жатат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, кемчиликтерди «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жана «Жарнама» мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча кат түрүндө билдирүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүдү. Бул иш-чара 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулду.

Ошондой эле шаардагы мектеп окуучулары арасында Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Каракол шаарындагы А.Ахматов атындагы № 4 гимназия-мектебинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада окуучулар «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн кыргыз, орус, кытай тилдеринде айтышты.

Мындан сырткары кийизден жасалган буюмдар коюлуп, кыргыз элинин кенже эпосу «Жаныш-Байыш» эпосунан үзүндү көрсөтүлдү. «Кыргыз эл жомоктору», «Кенже эпостор», «Кыргыз санжырасы», «Элдик тамсилдер», тил жөнүнүндөгү китептердин көргөзмөсү өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE