Пример HTML-страницы

Turmush: «Кээде баарын таштап, үйгө кетип калгым келчү»: Чүйлүк Н.Егимбаеванын Кипрдеги жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулуктук Нагима Егимбаева Жер ортолук деӊиздеги аралда жашап, иштеп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 1980-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда жарык дүйнөгө келгем. Билмим жогорку, экономика жана салык тармактар боюнча кесипке ээ болгом. Эӊ алгачкы чет өлкөгө болгон сапарым 2008-жылы башталган. Бул сапарымдын негизги максаты акча табуу болчу. Анда Түндүк Кипр Түрк Республикасына баргам. Алгач бардыгына кайыр болуп, бир канча жумушта иштедим. Жергиликтүү элдин менталитетин үйрөнгүчө официант, администратор, гид, котормочу болуп иштеп жүрдүм. Учурда Түндүк Кипрдеги эң мыкты инвестициялык компаниялардын биринде сатуудан кийинки бөлүмдүн менеджери болуп иштейм. Албетте, алгачкы жылдары абдан оор болду. Сени эч ким колдобойт, бөтөн жерде жашап отурукташып, аман калышың үчүн күрөшөсүӊ. 2008-жылы ал жакта смартфондор жок болчу, ал эми интернет бир гана кафедеде иштечү. Дем алыш күндөрү ал жерге барып, үйдөгүлөр менен сүйлөшүп турчумун. Жумасына бир гана жолу барганыма байланыштуу, алар менен баарлаша турган күндү күндү чыдамчыздык менен күтөр элем. Эжем дагы белгиленген убакытта Бишкектени кафелердин бирине келип, мени менен байланышчу. Ошол убактагы эжемдин колдоосу жана мага болгон ишеними менен чыдап, ушул жерде иштеп калдым. Анктени кээде баарын таштап, кайра үйгө кетип калгым келчү. Бирок эжем: «Сабырдуу бол, чыда» деп дайыма дем-күч берип турду. Ошол сөзгө каниет кылып чыдадым, сабыр кылдым. Эми баары артта калды. Мен бул компанияда иштегениме 11 жыл болду. Арал ийгиликтүү өнүгүп жатат, адамдар кыймылсыз мүлккө жана бизнеске инвестиция салууда. Мен орус тилдүү инвесторлорго бул аралда мыйзамдаштырууга, аларга документ түзүүгө, жашоого уруксат берүүгө жана башка мыйзамдуу процесстерге жардам берем», — деди ал.

Мекендешибиз Кипр өлкөсү боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен жашаган өлкө Жер ортолук деңиздин ортосунда жайгашкан арал. Аймактык жактан Түркияга карайт. Бул жерде жашагандар кипрлик түрктөр, алар материктеги түрктөрдөн айырмаланат. Түрк тилинде сүйлөшсө да, өздөрүнүн диалекти бар. Алар бейкуттукта, эч жерге шашылбай жашашат. Кипрдин аба ырайы Жер ортолук деңиздик климат. Жай мезгили узак жана ысык. Тактап айтканда, эӊ ысык күндөр 40 градустун тегерегинде болот. Кыш кыска, жылуу жана жаан-чачындуу. Деңиз суунун температурасы да жыл бою жылуу болот. Кышында орточо 16 градус ысык болот. Түндүк Кипрде эң кеңири таралган тил бул түрк тили болсо, англис тили экинчи тил. Кипрден сырткары Италия өлкөсүндө, Россияда, Түркиянын Стамбул жана Измир шаарларында болгом», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE