Пример HTML-страницы

Turmush: Кадамжайдагы булак, акимдин ысымы: Анын аталышы кантип өзгөргөн?

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү эл ашказан жана сөөл ооруларына дары деп, таза суу катары пайдаланып келген Азим-Булак суусу бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.

Маалыматка караганда, бул булактын мурдагы аталышы Азиз-Булак болгон. Азиз-Булактын Азим-Булак болуп өзгөрүшү өзүнчө тарых. Аталган булак Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун эски багыты боюнча Орозбеков аймагынын Күлдү айылында жол боюнда жайгашкан.

1961-жылдары Ош—Баткен—Раззаков жолунун эски багыты салынып жатканда Азим-Булактын ордунан шагыл казылып, Айдаркен шаарына чейин ташылып турган. Казылган шагылдын ордунан булак чыккан. Ага чейин деле ал жерлерде булак болуп, жергиликтүү эле Азиз-Булак деп атап келишкен. 1977-жылдары катуу келген селден улам булактын көзү жабылып калат. Ошол учурда Охнанын Кара-Кечүү айылынын тургун Азим Саттаров жергиликтүү элди уюштуруп, Азиз-Булактын кайрадан көзүн ачышкан. Ошондон кийин Азиз-Булак Азим-Булак деп аталып калган.

Айрымдар булактын Азим-Булак болуп өзгөрүшүн 1996-98-жылдары Кадамжай районунун акими болуп иштеп турган Азим Карашевдин атынан коюлганын айтышат. Булактын айланасын өздөштүрүүгө ошол киши уруксат берип, анын урматына ошентип коюлган дегендер да бар.

Бирок булак Азим Карашев аким болуп келгенге чейин эле Азиз-Булак, андан кийин Азим-Булак болуп аталып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE