Пример HTML-страницы

Turmush: Кадамжайда өз үйүндө видео тартып кармалган аял: Балдары өзүнө кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда 2 жаштагы кызын сабады деген Макбуба айым үй камагына чыгарылгандан соң, балдары өзүнө кайтарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Макбуба айым өзү кабарлады.

«Учурда үй камагына чыгарылып, балдарым өзүмө кайтарылды. Кудайга шүгүр, балдарым жанымда. Көп кыйынчылыктар артта калды. 1 уул, 2 кызым бар», — деди ал.

Окуя тууралуу:

27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. милиция кызматкерлерине кайрылып, 2021-жылы төрөлгөн кызын (А.Х.) жарандык никедеги жубайы токмоктоп, зомбулук көрсөтүп жатканын айткан. 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. Кадамжай районунун тургуну Ш.М. менен жарандык никеде жашап баштаган. 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында чогуу жашабай калышкан. Ш.М. 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кызын уруп, окуяны уюлдук телефонуна тартып, видеону жолдошуна WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

31-январда кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Аялдын 3 баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган.

Макбуба айымдын камакка алынышы:

1-февраль күнү Ш.Макбуба айымга карата райондук соттун өкүмү чыгып, ал 1 айга камакка алынган. Бирок

8-февралда Баткен облустук сотунда Ш.Макбуба айымга карата өкүм чыкккан. Облустук сот Кадамжай райондук сотунун 1-февралдагы аны камакка алуу жөнүндөгү өкүмүн күчүндө калтырып, ал1-мартка чейин камакта болору белгилүү болгон. 3-март күнү Макбуба айым үй камагына чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE