Пример HTML-страницы

Turmush: Адистердин кеңеши: Кантип туура тамактануу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushДен соолук чың болушу үчүн 80 пайыз туура тамактануу, 20 пайыз спорт керек. Бул тууралуу Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн кызматкери, санитардык дарыгердин жардамчысы Эльвира Тыналиева билдирди.

«Туура тамактануу чың ден соолукту шарттайт. Себеби жакшы тамактануу — организмди керектүү заттар менен камсыздап, көптөгөн оорулардан сактап, сергек жашоо тартуулайт», — деди ал.

Дарыгер туура тамактануунун негизги 8 эрежесин тизмектеп берди:

1. Күн чыккандан күн батканга чейин 4 же 5 маал тамактануу шарт;

2. Тамактын өлчөмүнө эмес, пайдалуулугуна кароо зарыл;

3. Адам баласынын организминин болжолдуу түрдө 75 пайызы суудан турат. Андыктан салмагыңызга жараша күнүнө 2 литрдей суу ичиңиз. Эгер денеге суу жетишпесе адам тез чарчап, кан айлануу бузулуп, баш оору күчөйт.

4. Адам күнүнө 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеп, организмди керекүү витаминдер менен толуктап туруусу зарыл.

5. Мүмкүн болушунча кумшекерди, тузду аз пайдалануу керек. Кумшекердин ордун таттуу жер-жемиш, жаңгак, мөмө-жемиштин кактары же таза бал менен алмаштырыңыз.

7. Жарым фабрикаттар, газдалган суусундук жана тез даярдалган тамактардан баш тарткан оң.

8. Кечки тамакка балыктын, тооктун, майда жана бодо малдын этин сууга кайнатып же бууга бышырып, буурчак, төө буурчак, сууга бышкан жумуртка, капустанын түрлөрүнөн жасалган даамдар сунушталат. Албетте, жашылча салаттарын кошуп жеңиз. Жашылчалар тамакты жакшы сиңирүүгө жардамын тийгизгенден тышкары сиздин организмиңизди керектүү витаминдер менен камсыз кылып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE