Пример HTML-страницы

Токтогулдагы ооруканада бир күндө 2 аял өмүр менен коштошту

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул аймактык ооруканасында бир күндө каза болгон эки бейтаптын (аял кишилер) өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координаторунун орун басары Гүлнара Маматалиева билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандардын бири 82 жашта, экинчиси 66 жашта болчу.

«Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборуна 4-июнь күнү 1939-жылы туулган бейтап оор абалда жеткирилген. Ага ак халатчандар геморрагиялык инсульт, мээдеги кан айлануунун бузулушу, мээнин комасы, экинчи даражадагы кант диабети деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер бейтапты колдон келгенче карап, өмүрүн сактап калууга аракет жасаган. Бирок бейтап 10-июнь күнү көз жумган.

Ал эми 6-июнь күнү 1956-жылы туулган тургун да оор абалда ооруканага түшкөн. Ага инсульт, мээнин комасы, үчүнчү даражадагы гипертониялык оору деген диагноз коюп, дарылап жатышкан. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай бейтап 10-июнь күнү каза болуп калган. Эки бейтаптын тең бир күндө каза болуп калышы өкүндүрүүдө. Биз бул боюнча атайын комиссия түзүп, дарыгерлердин дарылоо жолдорун текшеребиз. Эгер ак халатчандардан кемчилик кетсе, мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деди Г.Маматалиева.

Буга чейин Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборунда эки бейтап бир күндө каза болгондугу тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу болгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE