Пример HTML-страницы

Токтогулда окуучу бала мектеп директору иш бөлмөсүндө дубалды сүздүргөнүн айткан. Окуя кантип аяктады?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда окуучуну ур-токмокко алды делген мектеп директору акталды.

Айыпталуучу Карим (аты өзгөртүлдү, К.Н.К.) 1976-жылы Токтогул районунда туулган. Жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2018-жылдын 13-мартында саат 09:30 чамасында Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы орто мектепте болгон. Мектеп директору Карим кызматтык кабинетинде мектептин 10-классынын окуучусу — 2001-жылы туулган Эрмекке (аты өзгөртүлдү) карата зомбулук жасап, анын жакасынан кармап, башын дубалга сүздүрүп, денесине жеңил жараат келтирген.

Карим Токтогул райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 321-беренесинин 1-бөлүгү (бийликтен аша чабуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ал кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган.

Соттун өкүмү менен макул болбой, айыпталуучу Карим апелляциялык даттануу келтирген. Анда комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу Эрмектин дене жаракаттарынын пайда болушу жөнүндө мурунку берилген соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жокко чыгарылганын, сот аны негизсиз күнөөлүү деп тапканын көрсөткөн. Ал Токтогул райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, актап берүүнү сураган.

Сот отурумунда айыпталуучунун жактоочусу жабырлануучу Эрмек эки башка көрсөтмө бергенин билдирди. Анын айтымында, Алгач Карим анын жакасынан кармап, 7-8 жолу башы менен дубалды сүздүргөнүн айткан. Ал эми сурак протоколунда Карим чачынан кармап, дубалды сүздүргөнүн көрсөткөн. Жактоочу бул жагдайга тергөөчү көңүл бурган эмес деп эсептейт. Себеби Карим Эрмектин чачынан кармап, башын силкип, дубалды сүздүргөндө сөзсүз жабырлануучунун чачтары жулунуп калмак. Ал чачы жулунгандан кийин ата-энесине, дарыгерге, тергөөчүгө башынын териси ооруганын айтып, арызданып, алган жарааты медициналык картасында катталмак. Бирок Эрмек мындай көрсөтмө берген эмес. Жактоочу ошондуктан анын көрсөтмөсү күмөн жаратып жатканын айтты.

Анын айтымында, Каримдин юридикалык билими жок болгондуктан тергөө учурунда суроо бере алган эмес, ошондой эле жактоочу менен да камсыздалбай, көп маселе чечилбей калган. Ал эми Эрмек «башым ооруп, мээм чайкалды» деп ооруканага жаткан. Анын жаракат алганы тууралуу далилдер кылмыш иштин материалдарында жок болгон.

Жактоочу Токтогул райондук соту негизсиз өкүм чыгарганын билдирип, аны жокко чыгарып, айыпталуучуну актап берүүнү сурады.

Сот отурумунда көрсөтмө берген Каримдин айтымында, 2018-жылы директор катары окуучулардын мектепке окуу куралдарын алып келүүсү боюнча пландалган иш-чара жүргүзгөн. Жыйынтыгында окуучулар китеп алып келбегендиги аныкталганын, аларды кабинетине алып кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Андан кийин окуучулардын бири «мектептин директору мени урду» деп укук коргоо органына арыз жазган.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу апелляциялык даттанууну колдобой, айыпталуучунун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөсү, эксперттердин корутундусу менен далилденгенин көрсөтүп, Токтогул райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сурады.

Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 7-июнундагы өкүмү менен Карим күнөөсүз деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

Апелляциялык даттануу канааттандырылды.

Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык даттануу же сунуш келтирүүгө укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE