Пример HTML-страницы

Токтогулда ири өлчөмдө баңгизат сактап жүргөн шектүү кармалды

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда баӊгизат сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан облус аймагында М. каймана аттуу жаран баӊгизат сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтарды алган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 17-мартында саат 23:40 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагынан Токтогул районунун 1972-жылы туулган тургуну А.У.дан 10 даана ширеӊке кутучасынын формасындагы кара-күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 1 литрлик банкага салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты тапшырган.

Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, кара-күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 грамм гашиш баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 грамм марихуана баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 килограмм марихуан баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE