Пример HTML-страницы

Тоңдун Калкагар айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл аймагындагы Калкагар айылында фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Б.Астанакулов жана анын биринчи орун басары Б.Мамбетов, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү, ак халатчан дарыгерлер, айыл тургундары катышты.

Ак-Терек айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган бул жер фельдшердик-акушердик пунктунун жаңы имаратын салуу үчүн бөлүнүп берилген. Документтери мыйзамдаштырылып, курулуш иштери 2022-жылы башталган.

Бир жыл аралыгында пайдаланууга берилген фельдшердик-акушердик пунктка керектүү медициналык жабдуулары жана эмеректер алынып берилди.

Жалпы 10 млн сомго чейинки акча каражаты сарпталган.

Заман талабына ылайык имаратта эмдөө жана энелер бөлмөлөрү орун алып, жарык жана жылуу, муздак, ысык суу менен камсыздалган. Аталган айылдын саламаттыгы үчүн күрөшүп, өз милдетин аткарып жаткан дарыгер А.Шералиева жана жергиликтүү тургундар үчүн бул күн кубанычтуу, эсте кала турган күн болду.

Тоо койнунан орун алган климаты катаал Калкагар айылында 211 түтүн, 831 калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE