Пример HTML-страницы

Тельмандагы кумара табылган жердин сыры (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу тоо этегинде жайгашкан Тельман айылында кумара табылган жердин сыры жергиликтүүлөрдү ойго салууда.

А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору Нуритдин Жумалиев буларга токтолду.

«Тельман — райондогу тоо этегинде жайгашкан айылдардын бири. Жакында айылдын үстү жагында капчыгай тарапка кеткен жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол боюнан кумара табылган. Кечээ, 23-апрель күнү ал жерге келсек кумаранын түп жагы гана калып, калган бөлүктөрүнүн сыныктары жер бетинде жатыптыр. Айылдык жаш балдар ушул жерден малдарын тосуп алганы келишчү экен. Алар өткөндө үстү казылып, ичи тазаланып, ачык асман алдында калган кумараны чыгармак болушкан шекилдүү. Албетте, ооз жагы жер бетинен көптөн бери көрүнүп жаткан кумарага тынымсыз жааган жамгырдын суусу кирип, эзилип деле калса керек. Бул жерди жергиликтүүлөр Тогуз-Томпой деп аташат экен. Анын аталыш этимологиясынын өзүнчө таржымалы болсо керек. Тээ капчыгайдан айылга карай арык казылып, жээги чоң таштар менен тосулган. Демек, өткөн кылымдарда адамдар жашашкан. Бүгүнкү күндө айрым жерлерден кумара, кумган, карапа өңдүү буюмдар табылат. Мындай жайык жайда илгери шаарча болуусу да ыктымал. Дөңсөө жерлер көп. Бул жайда мүрзөлөр болгондугу да ачык. Кыскасы, изилдөө, тактоо иштери алдыда», — деди ал.

Буга чейин Панфилов районуна караштуу Тельман айылында жер алдынан кумара табылганын жергиликтүү тургун Кайрат Эсенбеков билдирген.

«Тоо этегинде жайгашкан айылдардын бири Тельманда жашайбыз. Элибиздин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен эмгектенет. Жакында айыл четинде тоо тарапка кеткен жөө адамдар жүрүүчү жолдун боюнан жер алдынан кумара табылды. 17-апрель күнү болсо керек.

Ошол күнү айыл четиндеги жол менен бара жаткам. Бир убакта 2 адам жер казып жатканын көрүп калдым. Алар жер алдындагы кумараны чыгарууга аракет кылып, айланасын казып, ичин тазалап жатыптыр. Тилекке каршы кумара сынык болгондуктан бүтүн чыкпады. Учурда ошол казылган абалында эле турат. Биздин оюбузча анын бийиктиги 1 метрден, туурасы 80 см жогору. Бул айылдагы ички жолдон жергиликтүүлөр мал айдап өткөндөнбү же тынымсыз жааган жамгырдан уламбы кумаранын үстүнкү бөлүгү ачылып калган. Ошондон улам алар таап алышыптыр. Мындай кумара бул аймакта көп экенин жергиликтүүлөр айтып келишет», — деген ал.

Тарыхый маалыматтарга караганда өткөн кылымдарда бул аймакта калмактар да жашап кетишкен. Алар соода-сатык жүргүзүү менен мал жана айыл чарбасы менен алектенишкен. Калмак-Алыш деген жер да ушул тоо этегинде жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE