Пример HTML-страницы

Таласта кыздарды жатын рагына каршы эмдөө иштери башталат

Акыркы жанылыктар

Turmush11-ноябрда Таласта жатын моюнчасынын рагына, папиллома вирусуна каршы вакцина жана анын маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мектепте окуган 11 жаштагы өспүрүм кыздар үчүн 14-ноябрдан тарта 4 валенттүү 2 дозадан турган эмдөө иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 88 вакцина пункту ачылды.

«Жатын моюнчасынын рагы – бул аялдын жатынында жана жатындын кынга туташкан жеринде пайда болгон рак клеткалары. Ал эң көп таралган гинекологялык-онкологиялык оору болуп саналат. Аталган оору 30-50 жаштан жогору курактагы аялдарда болушу мүмкүн. Бирок азыр жаш кыздарда дагы пайда болгон учурлар кездешүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда көп кездешкен рак оорусу болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE