Пример HTML-страницы

Таласта издөөдө жүргөн 8 унаа кармалды

TurmushТалас облусунда издөөдө жүргөн 8 унаа кармалды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы аптада Талас облусунун аймагында «Автоунаа издөө» рейди өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизинде издөөдө жүргөн жана берилген багыттамалар боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада 8 унаа кармалып, айып короого киргизилди.

«Эгерде транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү ээси транспорттук унаасын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуп койсо, ал автоунаа дагы айып унаа короосуна токтотулат. Ошол себептен автоунааны өзүңүздөргө каттатып алууңуздар зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE