Пример HTML-страницы

Талас шаарында кыз-келиндер арасында спартакиада өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush3-4-март күндөрү Талас шаарында кыз-келиндер арасында спартакиада өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул мелдештер 8-март майрамына карата мекемелер арасында спортту кеңири жайылтуу жана кыз-келиндерди сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү. Ага Талас шаарындагы мекеме, уюмдардан 10 команда катышып, волейбол, аркан тартыш, тогуз коргоол, кол күрөш, эстафета боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду №1 орто мектеп, 2-орунду «ПЛ-90» командасы, 3-орунду «Бай түшүм» командасы ээледи. Эстафета боюнча 1-орунга «Банкирши» командасы ээ болсо, 2-орунга медколледж, 3-орунга «ПЛ-90» командасы татыды. Аркан тартышта боюнча 1-орунду №1 орто мектеп, 2-орунду медколледж, 3-орунду «Талму» командасы ээледи.

Байгелүү орунду ээлегендерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE