Пример HTML-страницы

Талас шаарында бизнес план түзгөн үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам берилүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында балдарга жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде 100 миң сомдон жардам берилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«10-август күнү Талас шаарынын вице-мэри баштаган комиссия социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүүгө арыз менен кайрылган жарандардын үйлөрүн кыдырып, алардын шарты менен таанышып чыгышты. Уй багам деген жарандардын мал багыла турган короосун, тоок, өрдөк багапм деп бизнес план түзгөндөрдүн тоокканалары каралды. Ал эми тигүүчүлүк менен алектене турган жөлөк пул алуучулардын үй шарты дагы комиссиянын сынынан өттү.

Талас шаарынан учурда балдарга жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 25 жаран бизнес план түзгөн. Алардын ичинде тигүүчүлүк, бал өндүрүү, ширетүүчү, вулканизация, кондитер азыктарын жасоо, тоок, эчки, кой, ири мүйүздүү мал багуу, ишкерликтин башка түрлөрү боюнча арыз менен кайрылгандар бар.

Министрлер уабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү токтомунун иш жүзүнө ашыруу максатында Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Талас шаарындагы балдарга жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү социалдык контрактын негизинде келишим түзүп, 100 миң сом өлчөмүндө жардам алууга чакырууда. Бизнес-планды Талас шаарынын мэриясында убактылуу комиссия карап, чечим чыгарат. 100 миң сом алгандан кийин ай сайын мониторинг жүргүзүлүп турат жана 3 айдан кийин жөлөк пул алуу 3 жылга токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE