Пример HTML-страницы

Талас шаарында айымдардын образы чагылдырылган сүрөт көргөзмө өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush3-марттан бери Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде «Аялзатынын образы көркөм сүрөт искусстводо» аттуу көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, көргөзмө 20-мартка чейин уланат. Көргөзмөнүн негизги концепциясы кыргыз көркөм искусствосундагы аялдардын образы, коомдогу жана өлкөнүн илим-билим, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын чагылдырган чыгармалар болуп саналат. Музей экспозициясына кыргыз эл сүрөтчүлөрү К.Орозматов, С.Төрөбеков, Т.Курманов, К.Давлетов, Ж.Жакыпов, Д.Жолчуев, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери А.Төрөбеков, Д.Флекман, С.Осмоналиев, Б.Сыдыков, А.Турумбеков, А.Турусбеков, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Б. Батырбаевдин жана эл аралык, республикалык деңгээлдеги сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE